News

АЗЫРКЫ МЕЗГИЛДЕГИ ФИЛОЛОГИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ

Undefined

2017-2018-окуу жылынын 15-мартында улуу ойчул, даанышман жазуучу Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган «АЗЫРКЫ МЕЗГИЛДЕГИ ФИЛОЛОГИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ: КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЖАШ ОКУМУШТУУЛАРДЫН ИЛИМИЙ ИЗИЛДӨӨЛӨРҮ» аттуу ЖОЖдор аралык студенттердин илимий-практикалык конференциясы болуп өттү. Конференцияга АЭУнун, БГУнун, КУУнун, И. Арабаев атындагы КМУнун, М.Кашгари Барскани ат. Чыгыш университеттинин жана Юридикалык Академиянын студенттери катышышты. Студенттер алгач Ч.Айтматов тууралуу кыргыз, түрк, кытай, араб, өзбек жана түркмөн тилидеринде өз баяндамаларын сунушту.

Конференция

Undefined

«Ала-Тоо» Эл аралык университети, Гуманитардык илимдер факультети, Филология кафедрасы тарабынан уюштурулган «Азыркы мезгилдеги филология маселелери: Кыргызстандагы жаш окумуштуулардын илимий изилдөөлөрү» аттуу ЖОЖдор аралык студенттердин илимий – практикалык конференциясына чакырабыз. Симпозиум 2018-жылдын, 15-март күнү «Ала-Тоо» Эл аралык университетинде өткөрүлөт.


АДАБИЯТ КҮНДӨРҮ: ШАЙЛООБЕК ДҮЙШЕЕВ

Undefined

Кыргыз элинин улуу жазуучусу, акын Шайлообек Дүйшеев бизде мейманда болду. Адабий жолугушууда студенттер залкар инсандын ырларынан көркөм окушту. Андан соң жазгыч акын менен собоол-жооп ирээтинде маек жүрдү. Шайлообек агай жолугушуунун аягында өзүнүн жарыкка чыккан «Эки дөөнүн күрөшү» аттуу китебин филология кафедра башчысы Нурзат Казаковага жана студенттерге белекке берди. «Эл аралык калем» аттуу сдуденттик уюмдун демилгеси менен өткөн бул кече акынга атайын даярдалган белек тартуулоо менен аяктады.




.

АЛЫКУЛ ОСМОНОВ

Undefined

Биздин студенттерибиз А. Осмоновдун үй-музейинде. 2017, январь. Кыргыз поэзиясынын өкүлү, таланттуу акын Алыкул Осмоновдун музейине студенттер менен зыярат жасалды. Ал жерде акындын поэзияларынан көркөм окулуп, басып өткөн жолу менен жыкындан таанышып пикир алмашуулар болду.

 

 

Pages

Subscribe to RSS - News

İletişim

Uluslararası Ala-Too Üniversitesi

Bizimle bağlantı kurunuz

Biz Sosyal web sitesindeyiz.
Bizi takip edin & get in touch.